Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 29-ноябры № 546-б
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 99-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын базасында тиешелүү коммуналдык кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан берилген маалыматтардын негизинде Бишкек шаарындагы абоненттерге көрсөтүлгөн коммуналдык кызматтар (электр, жылуулук, газ, муздак жана ысык суу менен жабдуу, таштандыларды чыгаруу жана лифт менен пайдалануу) үчүн акы төлөөгө бирдиктүү эсептерди түзүү жана жеткирип берүү боюнча "Гибрид почтасы" пилоттук долбоорун (мындан ары - пилоттук долбоор) өткөрсүн;
- пилоттук долбоорду өткөрүү менен байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерди чечсин;
- калк арасында пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн жана маалымат берсин;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен бирдикте 2018-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө ушул пункттун экинчи абзацында аталган кызматтарды туруктуу негизде көрсөтүү боюнча маселелерди жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. "Түндүк электр" жана "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомдоруна, "Газпром Кыргызстан" жана "Комтранском" жоопкерчилиги чектелген коомдоруна, "Тазалык" жана "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканаларына, "Бишкексууканалы" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгына, Бишкек шаарынын мэриясына пилоттук долбоорго катышуу сунушталсын.
3. Бишкек шаарынын мэриясына коммуналдык кызмат көрсөтүүчүлөр менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ортосунда пилоттук долбоорду өткөрүүгө өз ара аракеттенүү боюнча көмөк көрсөтүү сунушталсын.
4. Пилоттук долбоорду өткөрүүнүн мезгили 2017-жылдын 1-декабрынан тартып 2018-жылдын 1-августуна чейин белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 99-б буйругунун редакциясына ылайык)
5. Пилоттук долбоор өткөрүлгөн мезгилде ушул буйруктун экинчи абзацында аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы бир эсепти жеткирип берүү үчүн 1,5 сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |