Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 20-декабры № 585-б
Афганстан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жардамдын жүктөрүн жеткиргендигине жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жайларында окутуу максатында Афганстан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памиринен этностук кыргыздардын балдарын жана аларды коштоп жүрүүчүлөрдү Кыргыз Республикасына алып келгендигине байланыштуу Өкмөттүк экспедициянын катышуучуларынын жемиштүү жана уюшкандыктагы иши үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
Асанбаев Алмазбек Жолчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары; |
Ибраева Жаркын Бейшенбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Аблаев Азамат Абдыганиевич | - | Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинин атташеси; |
Мамбетова Жыпар Акбаралиевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы. |
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |