Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 18-декабры № 580-б
"Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу үчүн жооптуу орган катары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- 2018-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча тиешелүү иштерди аткарсын;
- зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, ошондой эле коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартсын;
- эл аралык, коомдук уюмдардын финансы каражаттарын зарыл болгон учурда ушул пункттун экинчи абзацынан келип чыгуучу ишти аткаруу үчүн мыйзамда белгиленген тартипте тартсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |