Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Распоряжение
РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-январындагы № 6-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Huawei Technologies Co., Ltd» компаниясы, «Beijing China Veterans Lingxin Capital Management» компаниясынан жана «AKA минералз энд майнинг» жоопкерчилиги чектелген коомунан түзүлгөн инвесторлордун консорциумунун ортосундагы «Акылдуу шаар» инвестициялык Долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилдеги долбоору (мындан ары - Макулдашуу) тиркемеге ылайык жактыруу жөнүндө) буйругу

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 6-р
Кабыл алынган
2018-жылдын 11-январы
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Реестрде

Минюст коду
216141

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция11.01.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 11-январы № 6-б

"Таза Коом" Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо программасын ишке ашыруу, чет өлкөлүк тике инвестицияларды тартуу, жол-транспорт кыймылынын интеллектуалдуу системасын өнүктүрүү, ошондой эле калктын коопсуздугун жогорулатуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Huawei Technologies Co., Ltd" компаниясы, "Beijing China Veterans Lingxin Capital Management" компаниясынан жана "AKA минералз энд майнинг" жоопкерчилиги чектелген коомунан түзүлгөн инвесторлордун консорциумунун ортосундагы "Акылдуу шаар" инвестициялык Долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилдеги долбоору (мындан ары - Макулдашуу) тиркемеге ылайык жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директоруна жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик мекемеси ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Долбоордун оператору катары аныкталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик мекемеси аталган Макулдашуу колдонулган мөөнөткө карата инвесторлордун пайдасына Кыргыз Республикасынын финансы мекемелеринин чакырып алынбоочу банктык кепилдигин берсин.

 

Премьер-министр

 

С.Дж. Исаков

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.