Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 22-январы № 45
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун ишине комплекстүү талдоо жүргүзүү жана анын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун ишин талдоо боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ эки жумалык мөөнөттө Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Жумушчу топко зарылдыгына жараша белгиленген тартипте тийиштүү маалыматты сурап алууга жана мамлекеттик органдардын адистерин ишке тартууга укук берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жетекчилери жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүп, суралган документтерди жана маалыматтарды өз убагында берип турушсун.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Тиркеме
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун ишинин натыйжалуулугун талдоо боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Шаршеев А.О. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы, жумушчу топтун жетекчиси. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Бекбоев А.З. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Орозобеков З.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Дуйшеев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атайын каражаттарды түзүү бөлүмүнүн башчысы; |
Баясов Н.М. | - | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин инвестицияларды тартуу жана коштоо бөлүмүнүн башчысы; |
Жумалиев Ж.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жер иштетүүнү, үрөнчүлүктү жана органикалык өндүрүштү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Бейшембиев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин талдоо жана пландоо бөлүмүнүн башчысы; |
Жайчиев К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин өндүрүштүк-техникалык башкармалыгынын жетектөөчү адиси. |
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ