Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 13-ноябры № 522-б
"Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасынын өрт чыгуу жана жарылуу коркунучуна ээ болгон материалдарын сактоочу базистик кампалардын жанында түздөн-түз жайгашкан турак жай жана социалдык объекттердин коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция "Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасынын Бишкек шаары, А.Масалиев атындагы көчө (номери жок) дарегиндеги базистик кампаларын Бишкек шаары, Ч.Айтматов атындагы проспект, 1 дареги боюнча жайгашкан ишкананын аймагындагы өрт чыгуу жана жарылуу коркунучуна ээ болгон материалдарды сактоо үчүн арналган кампа жайларына көчүрүү мүмкүнчүлүгүн аныктоо максатында мамлекеттик экологиялык жана техникалык экспертиза жүргүзүшсүн.
2. "Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасы:
- экологиялык жана техникалык экспертизанын жыйынтыктарын эске алуу менен Бишкек шаары Ч.Айтматов атындагы проспект, 1 дареги боюнча жайгашкан кампа жайларын оңдоого жана калыбына келтирүүгө сметалык эсептөөлөрдү түзсүн;
- санитардык коргоо аймактарынын зарыл болгон параметрлерин, экологиялык, өнөр жайлык жана техникалык коопсуздукту эске алуу менен базистик кампаларды ишкананын аймагына белгиленген тартипте көчүрсүн.
3. "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесине базистик кампаларды ишкананын аймагына көчүрүү боюнча "Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасына финансылык, материалдык жана техникалык жардамды сметалык наркка ылайык көрсөтүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы "Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасына Бишкек шаары, А.Масалиев атындагы көчө (номери жок) дареги боюнча жайгашкан жер участогуна укук белгилөөчү документтерди тариздөөгө көмөк көрсөтсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |