Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 7-октябры № 465-б
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жумакадыров Темир Курмангазиевич дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу:
1. Маркум менен коштошууну уюштуруу боюнча төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Исаков Сапар Жумакадырович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Момуналиев Нурханбек Сакенович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр; |
Исраилов Улан Жумабаевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри; |
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Калилов Жамшитбек | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри; |
Боронов Кубатбек Айылчиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри; |
Батыралиев Талантбек Абдуллаевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри; |
Казаков Түгөлбай Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри; |
Ибраимов Албек Сабирбекович | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Курманалиев Алмазбек Абдиназарович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Сегизбаев Абдил Кеңешович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Касымкулов Мирбек Абдыкаимович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Карыпбеков Илим Майрамбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Жылкыбаев Узарбек Казиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Мамбетакунов Нурбек Тельманович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун орун басары; |
Жумалиев Болот | - | маркумдун тууганы (макулдашуу боюнча). |
2. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- маркум менен жарандардын коштошуу ырасымын өткөрүү күнү - 2017-жылдын 9-октябрында, саат 9.00дө Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында;
- сөөк коюлуучу жер - Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнү.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги автоколоннанын коопсуз жүрүүсүн камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы маркум менен жарандардын коштошуу ырасымы өткөрүлгөн убакытта ардактуу күзөттүн жана үйлөмө аспаптар оркестринин катышуусун камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы:
- маркум менен коштошуу үчүн катышуучуларды ташууга транспорт берсин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана уюштуруу комитетинин атынан гүлчамбар сатып алсын.
Премьер-министри |
| С. Дж. Исаков |