КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2018-жылдын 4-апрели ПБ № 60
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 142 буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Ниязов Ф.А., Шадиев А.А. жана Есеналиев М.К. чыгарылсын;
- Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Бакчиев Джаныбек Абдукапарович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Бир Бол" фракциясы (макулдашуу боюнча), Абдыкадырова Жеңишгүл Дүйшөнакуновна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы, Маматкеримова Гульмира Рысбековна - мониторинг жүргүзүү маселелери боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча) киргизилсин;
- Райымкулов Билим Сардалбековичтин жана Майчиев Шамарал Юсуповичтин кызмат орундары тиешелүү түрдө төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);";
"Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына караштуу эл аралык бейтарап соттун төрагасы;".
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Жээнбеков |