Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 28-марты № 97-б
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда жана мекемелерде электрондук башкарууга өтүүдө, анын ичинде электрондук жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүү жана аткаруу процессинде ведомстволук долбоорлорду ведомстволор аралык макулдашуу жана координациялоо максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 8-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Маалыматташтырууну координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) Комиссиянын курамына киргизүү үчүн адамдардын тизмесин "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык он күндүк мөөнөттүн ичинде аныктасын жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине бекитүү үчүн берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Комиссиянын персоналдык курамын бекитсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Дж.Исаков |