Редакцияот 29.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 29-марты № 103-б

Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 101-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлери үчүн 2018-жылдын 31-марты Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесинде каралган компенсациялоо менен жумуш күнү болуп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына 2018-жылдын 31-мартын жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.

 

Премьер-министр

С. Дж. Исаков