КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 2-апрели № 113-б
1. "Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зонаны куруу жана жабдылоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы гранттык макулдашуунун расмий тилдеги (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басарына ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Гранттык макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Дж.Исаков |