Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 12-апрели № 136-б
Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кан айылын экологиялык реабилитациялоо максатында, "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
"Кутту-Таш" жоопкерчилиги чектелген коомуна Кан кенин иштетүү процессинде пайда болгон коргошундун калдыктарын экинчи жолу кайра иштетүү жаатында заманбап технологияларды колдонуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо, ошондой эле калдыктар жайгашкан жерлерди милдеттүү түрдө рекультивациялоо жана кендин калдык сактоочу жайларынын дренаждык курулмаларын реабилитациялоо шарттарында иш жүргүзүүгө уруксат берилсин.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |