РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 134-б «Жумагулов С.» жөнүндө буйругу

Редакция12.04.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 12-апрели № 134-б

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2006-жылдын 25-майындагы Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондун түзүү келишими менен бекитилген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун Уставына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Жумагулов Султанбек Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун Башкармасындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине жана Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун Аткаруучу дирекциясына ушул буйруктун 1-пунктунда аталган дайындоо жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 448-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Премьер-министр

 

С. Дж.Исаков