Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 6-октябры № 463-б
2017-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында өтө турган "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Кудайбердиева Гүлмира Каримовна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, делегациянын жетекчиси; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, делегациянын жетекчисинин орун басары; |
Абдылдаева Айнур Нуралиевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы; |
Каденова Зууракан Ажимаматовна | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; |
Кайкиев Эмиль Абдыкалыевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Сазбаков Алмаз Замирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Чолмонкулов Таалайбек Аскарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору; |
Акжолов Нурбек Акжолович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар башкы башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу; |
Баймурзаев Мухтар Арапбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат, финансылык талдоо жана инвестициялар башкармалыгынын начальниги; |
Жеенбекова Надира Бабырбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыш жана донордук жардамдар башкармалыгынын начальниги; |
Кадыракунов Алмаз Асанакунович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чөйрөнүн чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальниги; |
Кочконов Казыбек Маматкасымович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин интеграциялык бирикмелер департаментинин кеңешчиси. |
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрине Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |