Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 27-декабры № 592-б
Кесиптик милдеттерин ак ниет жана натыйжалуу аткаргандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнүн майрамдоонун урматына карата, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
Алымбаев Эрнис Темирканович | - | "Sputnik-Кыргызстан" маалымат жана радио агенттигинин атайын долбоорунун продюссери; |
Асымова Дамира Эсенгуловна | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын режиссеру; |
Жумабекова Нургүл Жумабековна | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Ала-Тоо 24" телеканалынын атайын кабарчысы; |
Мурзалиев Кылычбек Мураждинович | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун орун басары; |
Черникова Вера Михайловна | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Ала-Тоо 24" телеканалынын баяндамачысы. |
Премьер-министр |
| С. Дж.Исаков |