Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 29-январы № 32-б
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан келүүчү гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Ош шаары, Ишматов көч., 2б жана Ишматов көч., номерсиз (3-уч.) дарегинде жайгашкан жалпы аянты 3847,8 кв.м болгон турак эмес жайларды (кампаларды) жана жанаша аймагын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана эксплуатациялык чыгымдарга акы төлөө менен 2 жыл 11 айга акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында азык-түлүк товарларын сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаментине берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы Бишкек шаары, Чолпон-Ата көч., 15/1 дарегинде жайгашкан аянты 852 жана 462 кв.м болгон турак эмес жайларды (кампаларды) жана жанаша аймагын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана эксплуатациялык чыгымдарга акы төлөө менен 2 жыл 11 айга акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында азык-түлүк товарларын сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаментине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти:
- тиешелүү жылга бекитилген каражаттардын чегинде төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
Бишкек жана Ош шаарларындагы кампаларда ун жана өсүмдүк майын жүктөө жана түшүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнү;
Бишкек жана Ош шаарларындагы кампалардан ун жана өсүмдүк майын республиканын региондоруна ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнү;
- ушул буйруктун 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн кампалык жайлардын коммуналдык кызматтарын жана эксплуатациялык чыгымдарын Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (макулдашуу боюнча) каражаттарынын эсебинен төлөсүн;
- Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (макулдашуу боюнча) катышуусу менен ушул буйруктун 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн кампалык жайларды оңдоо жана аларды тиешелүү жабдуу менен камсыздоо маселелерин чечсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук 2017-жылдын 20-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |