Редакцияот 28.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 5-июну № 194-б

Транспорттук каражаттарды, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоонун, кайра каттоонун жана эсептен чыгаруунун бирдиктүү тартибин киргизүү, Кыргыз Республикасынын аймагында транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүүнү тартипке салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 591-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун экинчи абзацы "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын" деген сөздөр менен толукталсын;

- 3-пунктунун үчүнчү абзацы "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарга" деген сөздөр менен толукталсын;

- 3-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген 1-тиркемеде:

- аталышы "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6. Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар үчүн

 

Премьер-министр

М.Абылгазиев