Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 30-декабры № 935
ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизүү үчүн "Көк бөрү" - салттуу ат оюну" номинациясына материалдарды даярдоо боюнча активдүү иши үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
Кемелова Динара Амантуровнага | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары; |
Корчуева Элнура Асылбековнага | - | Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын мурдагы жооптуу катчысы; |
Солтонгельдиева Сабира Самидиновнага | - | Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы; |
Аскарова Наита Теңдиковнага | - | Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын эксперти; |
Айтпаева Гульнара Амановнага | - | "Айгине" маданий-изилдөө борборунун директору; |
Исаева Асел Кеңешбековнага | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы; |
Касенов Алмазбек Апышовичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча дирекциянын директору; |
Бекташев Султан Мелисовичке | - | Кыргыз Республикасынын "Көк бөрү" федерациясынын аткаруучу директору; |
Быковский Сергей Юрьевичке | - | Кыргыз Республикасынын "BIGSER" спорттук товар өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти; |
Эшматов Нурмухаммед Каныбековичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун орун басары; |
Мадаминов Аскаралы Шүкүралиевичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун орун басары; |
Мекешова Назгүл Барктабасовнага | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти. |
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |