Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы

№ 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2017-жылдын 27-декабры № 924

"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү жана калк менен өз ара байланышты жакшыртуу максатында:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- 2018-жылдын I жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жарандарды жеке кабыл алуу графиги 1-тиркемеге ылайык;

- 2018-жылдын I жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын жарандарды жеке кабыл алуу графиги 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жарандарды жеке кабыл алуусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн административдик имаратынын биринчи кабатындагы 24-кабинетте; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын жарандарды жеке кабыл алуусу - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасында жүргүзүлөрү белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн каттар жана жарандардын кайрылуулары сектору кызматтык милдеттеринин чегинде жарандар койгон маселелерди чечүүгө консультациялык жардам көрсөтүү үчүн жарандарды кабыл алууда зарылчылыгына жараша Коомдук кабылдамага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн каттар жана жарандардын кайрылуулары секторуна жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

 

С. Дж. Исаков

 

1-тиркеме

2018-жылдын I жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жарандарды жеке кабыл алуу ГРАФИГИ

№

Кызматы

Кабыл алуу күнү жана айы

Кабыл алуу убактысы

1

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

23-январь,

27-февраль,

27-март,

24-апрель,

22-май,

26-июнь

17.00-19.00

2

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри

17-январь,

21-февраль,

18-апрель,

16-май,

20-июнь

17.00-19.00

3

Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри

16-январь,

20-февраль,

20-март,

17-апрель,

15-май,

19-июнь

17.00-19.00

4

Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри

24-январь,

28-февраль,

28-март,

25-апрель,

23-май,

27-июнь

17.00-19.00

5

Кыргыз Республикасынын коопсуздук, укуктук тартип жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри

18-январь,

15-февраль,

15-март,

19-апрель,

17-май,

21-июнь

17.00-19.00

6

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр

4-январь,

1-февраль,

1-март,

5-апрель,

3-май,

7-июнь

17.00-19.00

 

2-тиркеме

2018-жылдын I жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын жарандарды жеке кабыл алуу ГРАФИГИ

№

Кызматы

Кабыл алуу күнү жана айы

Кабыл алуу убактысы

1

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары

8-январь, 22-январь,

12-февраль, 26-февраль,

12-март, 26-март,

9-апрель, 23-апрель,

14-май, 28-май,

11-июнь, 25-июнь

14.00-16.00

2

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү

9-январь, 23-январь,

13-февраль, 27-февраль,

13-март, 27-март,

10-апрель, 24-апрель,

8-май, 22-май,

12-июнь, 26-июнь

14.00-16.00

3

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү

11-январь, 25-январь,

8-февраль, 22-февраль,

22-март,

12-апрель, 26-апрель,

10-май, 24-май,

14-июнь, 28-июнь

16.00-17.00

4

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары

10-январь, 24-январь,

14-февраль, 28-февраль,

14-март, 28-март,

11-апрель, 25-апрель,

23-май,

13-июнь, 27-июнь

14.00-16.00

5

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлү, Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы

3-январь, 17-январь,

7-февраль, 21-февраль,

7-март,

4-апрель, 18-апрель,

2-май, 16-май,

6-июнь, 20-июнь

16.00-17.00

6

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы

12-январь, 26-январь,

9-февраль,

9-март, 23-март,

13-апрель, 27-апрель,

11-май, 25-май,

8-июнь, 22-июнь

14.00-16.00

7

Мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы

12-январь, 26-январь,

9-февраль,

9-март, 23-март,

13-апрель, 27-апрель,

11-май, 25-май,

8-июнь, 22-июнь

16.00-17.00

8

Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы

8-январь, 22-январь,

12-февраль, 26-февраль,

12-март, 26-март,

9-апрель, 23-апрель,

14-май, 28-май,

11-июнь, 25-июнь

16.00-17.00

9

Укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы

9-январь, 23-январь,

13-февраль, 27-февраль,

13-март, 27-март,

10-апрель, 24-апрель,

8-май, 22-май,

12-июнь, 26-июнь

16.00-17.00

10

Экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы

3-январь, 17-январь,

7-февраль, 21-февраль,

7-март,

4-апрель, 18-апрель,

2-май, 16-май,

6-июнь, 20-июнь

14.00-15.00

11

Финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы

3-январь, 17-январь,

7-февраль, 21-февраль,

7-март,

4-апрель, 18-апрель,

2-май, 16-май,

6-июнь, 20-июнь

15.00-16.00

12

Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы

5-январь, 19-январь,

2-февраль, 16-февраль,

2-март, 16-март,

6-апрель, 20-апрель,

4-май, 18-май,

1-июнь, 15-июнь

14.00-17.00

13

Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы

15-январь,

5-февраль, 19-февраль,

5-март, 19-март,

2-апрель, 16-апрель,

7-май, 21-май,

4-июнь, 18-июнь

14.00-17.00

14

Курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы

4-январь, 18-январь,

1-февраль, 15-февраль,

1-март, 15-март,

5-апрель, 19-апрель,

3-май, 17-май,

7-июнь, 21-июнь

14.00-17.00

15

Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы

11-январь, 25-январь,

8-февраль, 22-февраль,

22-март,

12-апрель, 26-апрель,

10-май, 24-май,

14-июнь, 28-июнь

14.00-16.00

16

Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы

2-январь, 16-январь,

6-февраль, 20-февраль,

6-март, 20-март,

3-апрель, 17-апрель,

15-май,

5-июнь, 19-июнь

14.00-16.00

17

Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы

2-январь, 16-январь,

6-февраль, 20-февраль,

6-март, 20-март,

3-апрель, 17-апрель,

15-май,

5-июнь, 19-июнь

16.00-17.00

18

Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысы

10-январь, 24-январь,

14-февраль, 28-февраль,

14-март, 28-март,

11-апрель, 25-апрель,

23-май,

13-июнь, 27-июнь

16.00-17.00