Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 14-июнундагы № 410 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 5-январы № 8
(КР Премьер-министринин 2019-жылдын 24-июнундагы № 328 буйругунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык иштерди жүргүзсүн";
3. Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишин уюштуруучулук-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
4. Ведомстволор аралык жумушчу комиссияга жумушчу топ түзүүгө министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жооптуу кызматкерлерин жана адистерин ишке тартууга укук берилсин.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С.Дж.Исаков |
Тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын КУРАМЫ
(КР Премьер-министринин 2019-жылдын 24-июнундагы № 328 буйругунун редакциясына ылайык)
Разаков Ж.П. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасы; |
Салиев Б.У. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Ботобаев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү; |
Алыкулов Р.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн өз алдынча башкаруу секторунун башчысы; |
Исалиев К.О. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Азимов А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Токтосартов К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; |
Бердалиев Б.Ч. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары; |
Джусупбеков Н.С. | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Каратаев М.М. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Керималиев Ж.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; |
Алыбаев А.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Есеналиев М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Рысбаев Р.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Тургунбеков М.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Кедеев Н.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Алимбаев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - башкы штабдын начальниги; |
Байдылдаев М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Джусупбеков Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Эркебаев А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы; |
Абдыжапаров А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; |
Шерипов Н.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы; |
Парханов М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Юсупов Б.Ю. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Исакулов Ж.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Осмонбеков К.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Аширбаев Э.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Акматов М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Асизов К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Монолдоров Д.Ч. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Касмалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Алманбетов О.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча). |
Биринчи вице премьер-министр | К.А Боронов |