Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 31-январы № 62
Чүй облусунун Чүй районунун Искра айыл өкмөтү менен "Искра Азии" агрардык-өнөр жай паркын куруу" долбоорунун инвестору болуп эсептелген "Искра Азии" ачык акционердик коомунун ортосундагы жер талашты жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Чүй облусунун Чүй районунун Искра айыл өкмөтү менен "Искра Азии" ачык акционердик коомунун ортосундагы жер талашты жөнгө салуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ төмөнкүлөр боюнча сунуштарды иштеп чыгып, 2018-жылдын 15-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин:
- Чүй облусунун Чүй районунун Искра айыл өкмөтү менен "Искра Азии" ачык акционердик коомунун ортосундагы жер талашты жөнгө салуу боюнча ("Искра Азии" ачык акционердик коомуна тиешелүү жер участогунун чек араларын аныктоо жаатында);
- "Искра Азии" агрардык-өнөр жай паркын куруу" долбоорун мындан ары жүзөгө ашыруу боюнча (эт цехин жана муздатып сактагычтарды куруу үчүн жер участогун трансформациялоо, керектүү уруксат берүүчү документтерди алуу жана башкалар жаатында).
3. Жумушчу топко зарылдыкка жараша, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жетекчилери жумушчу топтун ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
5. Жумушчу топтун ишин уюштуруу-методикалык жана башка жактан камсыздоо милдети Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигине жүктөлсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С.Дж.Исаков |
Тиркеме
Чүй облусунун Чүй районунун Искра айыл өкмөтү менен "Искра Азии" ачык акционердик коомунун ортосундагы жер талашты жөнгө салуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топтун КУРАМЫ
Адилбек уулу Шумкарбек | - | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директорунун орун басары, жумушчу топтун жетекчиси. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Керималиев Жаныбек Калканович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; |
Ашырбаев Элкинбек Токтогонович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Абыкаев Шабдан Алмазбекович | - | Чүй облусунун Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин биринчи орун басары; |
Исабеков Нарынбек Дуйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору; |
Токбаев Ренат Амангулович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин тышкы байланыштар жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Баясов Нурадил Мирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин инвестицияларды тартуу жана коштоо бөлүмүнүн башчысы; |
Момункулов Мелис Алиясович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Токмок-Чүй аймактык башкармалыгынын начальниги; |
Таштемиров Адам | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын башкы инженери; |
Жолчубаев Назарбек Жанызакович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жер, жаратылышты коргоо, агрардык жана архитектуралык мыйзамдар башкармалыгынын адиси; |
Душебаев Байыш Туркменович | - | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин инвестицияларды тартуу жана коштоо бөлүмүнүн эксперти, жумушчу топтун катчысы. |