КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 6-февралы № 68
Ак ниет жана үлгүлүү кызматы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө активдүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан энчилүү саат менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
Жакеев Кубанычбек Жумашович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги; |
Эшимкан уулу Нурдин | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, милициянын полковниги. |
Премьер-министр |
| С.Дж.Исаков |