Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 13-февралы № 93
2018-жылдын 11-12-апрелинде Бишкек шаарында Муниципалдык мыкты практикалардын V эл аралык форумун өткөрүүгө өз убагында даярдануу жана өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы № 2 "2018-жылды региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. 2018-жылдын 11-12-апрелинде Бишкек шаарында Муниципалдык мыкты практикалардын V эл аралык форумун өткөрүүгө өз убагында даярдануу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ апталык мөөнөттө Бишкек шаарында Муниципалдык мыкты практикалардын V эл аралык форумун өткөрүүгө өз убагында даярдануу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Жумушчу топко зарыл болсо министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, көз каранды эмес эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруу-методикалык жактан жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С.Дж.Исаков |
Тиркеме
2018-жылдын 11-12-апрелинде Бишкек шаарында Муниципалдык мыкты практикалардын V эл аралык форумун өткөрүүгө өз убагында даярдануу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси; |
Салиев Бахтияр Усманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Макенов Ренат Кормонкоджеевич | - | Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча). |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Иманалиев Данияр Шаршенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Мамбетакунов Нурбек Тельманович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкаруучусунун орун басары; |
Утебаев Медер Шамшибекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Асанкулов Женишбек Асанкулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы; |
Асеинов Медер Мукунович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Биринчи саясий департаментинин кеңешчиси; |
Игнатьева Александра Витальевна | - | Россиянын шаарлары союзунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Алманбетов Омурбек Бадыевич | - | Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча). |