Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 7-марты № 135
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессине кошкон олуттуу салымы үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен сыйлансын:
Ботобаев Каныбек Калбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Жакыпов Байыш Мамбетович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын башкы инженери; |
Бөрүбаев Назирбек Нарматович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги. |
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
Искандаров Курбанбай Алибаевичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү; |
Юсупов Байыш Юсуповичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Акматов Мамасалы Такабаевичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Абдрахманов Алишер Орозбаевичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Бактыгулова Канайым Жумадиловнага | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин кеңешчиси - өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи; |
Мандычев Николай Ивановичке | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары - экспедиция начальниги; |
Мамат уулу Чыңгызбекке | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүм начальниги; |
Махмутов Руслан Аманкуловичке | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын улук офицери; |
Мырзаев Абдулат Абдраимовичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Ала-Бука райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Мырзаматов Таалайбек Токтоназаровичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын кадастр бөлүмүнүн начальниги; |
Маматов Жаныбек Ибраимовичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Раимбердиев Кеңешбек Абдибаитовичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Араван райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги. |
Премьер-министр | С.Дж.Исаков |