Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 12-марты № 145
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ишине талдоо жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ишине талдоо жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия 2018-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ишине талдоо жүргүзсүн жана анын натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна конкреттүү сунуштарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Дж.Исаков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ишине талдоо жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Султанбекова Ч.А. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Шадыханов К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы; |
Абдылдаева А.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы; |
Бакетаев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Каденова З.А. | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; |
Калыков А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары; |
Асанов У.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары; |
Каратаев М.М. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин коомдук негиздеги кеңешчиси (макулдашуу боюнча); |
Мамаюсупов А.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бөлүм эксперти; |
Кадыракунов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чөйрөдөгү чыгымдарды пландоо башкармалыгынын начальниги; |
Исмаилов М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин стратегиялык пландоо жана саламаттык сактоо саясатын иштеп чыгуу башкармалыгынын начальниги; |
Омурканов З.К. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Ибраев Д.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун коомдук кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Саалиев Н.С. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Дауталиева А. | - | "Таза Табигат" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча); |
Кошмуратов А.Г. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин коомдук негиздеги кеңешчиси (макулдашуу боюнча). |