Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 14-марты № 155
Аскердик кызматтын милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн жана М.В.Фрунзе атындагы 73809-аскердик бөлүктүн 100 жылдыгын майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. 73809-аскердик бөлүктүн төмөнкү аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан энчилүү саат менен сыйлансын:
Кочконов Болот Бердибаевич | - | аскердик бөлүктүн командири, подполковник; |
Сулейманов Аскарбек Абдиманнанович | - | мотоаткыч батальонунун техниги, улук прапорщик; |
Додогельдиев Доктурбай Джумабаевич | - | квартиралык-эксплуатациялоо кызматынын электромонтеру, кызматчы; |
Шагаева Валентина Николаевна | - | офицердик ашкананын башчысы, кызматчы; |
Кускакова Кулуйпа Капаровна | - | үй башкармалыгынын бухгалтер-кассири, кызматчы. |
2. 73809-аскердик бөлүктүн төмөнкү аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыялансын:
Эркебаев Искендер Бактыбековичке | - | гаубика-артиллериялык дивизионунун командири, капитан; |
Туртемиров Эрбол Рыскелдиевичке | - | тоо-аткычтар батальонунун рота командири, капитан; |
Абдыласов Айбек Усенбековичке | - | тоо-аткычтар батальонунун старшинасы, прапорщик. |
Премьер-министр | С.Дж.Исаков |