Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 6-апрели № 223
1. 2018-жылдын экинчи кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралуучу негизги маселелердин тизмеси (мындан ары - Тизме) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери бир жумалык мөөнөттө Тизмеге ылайык маселелерди даярдоонун кадамдык пландарын иштеп чыгып, бекитишсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралуучу маселелерди даярдоо тапшырылган Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилеринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында каралуучу материалдарды сапаттуу жана өз убагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү үчүн жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү 2018-жылдын экинчи кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралуучу негизги маселелердин тизмесине ылайык маселелерди даярдоого туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп турушсун.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Дж.Исаков |
Тиркеме
2018-жылдын II кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралуучу негизги маселелердин ТИЗМЕСИ
№ | Маселенин аталышы | Маселени даярдоо үчүн жооптуу органдын аталышы | Баяндамачы | Маселенин өз убагында даярдалышын контролдоочу КР ӨАнын бөлүмдөрү |
2018-жылдын 20-апрели | ||||
1 | 2017/2018-жылдагы күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктары жана 2018/2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жөнүндө(*) | ӨЭЖМК | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы | Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмү |
2 | Аскер кызматчылардын кызмат өтөө жылын 30 жылга чейин көбөйтүүнүн эсебинен пенсиялык куракты көтөрүү жөнүндө ("Татыктуу эмгек жана карылык" 29-кадам) | Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы | Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү |
2018-жылдын 25-майы | ||||
1 | Кыргыз Республикасын 2018-жылдын январь-мартында социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө | КР ЭМ | Кыргыз Республикасынын Экономика министри | Экономика жана инвестициялар бөлүмү |
2 | Чет өлкөдөгү мекендештерди социалдык-укуктук колдоо жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы | Социалдык өнүктүрүү бөлүмү |
2018-жылдын 29-июну | ||||
1 | Жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасынын талаптагыдай иштешин, анын ичинде толук көлөмдө каржылоону камсыздоо жөнүндө | ЖАМК | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы | Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү |
2 | Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексин 2030-жылга чейин өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө | ӨЭЖМК | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы | Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмү |
(*) бул маселелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы жыйынында каралууга тийиш болчу.