Редакцияот 05.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 5-сентябры № 384-б

1. 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын чек ара региондорунун ортосундагы кызматташтыкты андан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларынын биргелешкен планынын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Иш-чаралардын биргелешкен планына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

С.Дж.Исаков