Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 7-сентябры № 389-б
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-июнундагы № 198-б буйругуна ылайык)
"Чүй облусунун Жаш майыптар союзу" коомдук бирикмесине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги "Чүй облусунун Жаш майыптар союзу" коомдук бирикмесине Чүй облусу, Сокулук району, Сокулук айылы, Ленин көчөсү, 124 дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 362 кв.м турак эмес жертөлө жайын белгиленген тартипте коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана эксплуатациялоо чыгымдарын төлөө менен, ээликтен ажыратуу жана үчүнчү жактарга жайды өткөрүп берүү укугусуз беш жылдык мөөнөткө чейин акысыз убактылуу пайдалануу келишиминин шартында берсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-сентябрындагы № 788-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ