Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 19-октябры № 481-б
Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун уставынын (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 174 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун 1-тиркемеси) 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кулматов Кубанычбек Кенешевич Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы кызматынан бошотулсун.
2. Асрандиев Эркин Шамшудинович Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы болуп 3 жылдык мөөнөткө дайындалсын.
Премьер-министр | С.Дж.Исаков |