Редакцияот 13.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 13-июну № 201-б

1. 2014-жылдын 20-мартындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамааттыктын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө (Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан "Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо. Фаза IV" долбоорун каржылоо үчүн инвестициялык кредит берүү жөнүндө) макулдашууга № 1 кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган № 1 кошумча макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев