Редакцияот 28.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 28-февралы № 67-б

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын борборунун көчөлөрүн абаттоо жана Бишкек шаарынын мэриясына финансылык колдоо көрсөтүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Бишкек шаарынын мэриясына "Таза Коом" Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен Көчөлөрдүн бөлүктөрүн абаттоо, көчөлөрдү жана коомдук мейкиндиктерди абаттоо стандарттарынын концепциясынын долбоорлорун иштеп чыгууга 18,0 (он сегиз) миллион сом суммасында каражат бөлсүн.

2. Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:

- бөлүнгөн каражаттарды максаттуу багыты боюнча гана пайдалануу;

- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бөлүнгөн каражаттардын эсебинен кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Дж.Исаков