КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 4-июну № 191-б
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу коонго коюлуучу фитосанитардык талаптар жөнүндө протоколдун расмий тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 175-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |