Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 4-июну № 402
"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, жарандардын кайрылууларына ыкчам көңүл буруу жана калк менен өз ара байланышты жакшыртуу максатында:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2018-жылдын II жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жарандарды жеке кабыл алуу графиги 1-тиркемеге ылайык;
- 2018-жылдын II жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын жарандарды жеке кабыл алуу графиги 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жарандарды жеке кабыл алуусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн администрациялык имаратынын биринчи кабатындагы 24-кабинетте; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын жарандарды жеке кабыл алуусу - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасында жүргүзүлөрү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн каттар жана жарандардын кайрылуулары сектору кызматтык милдеттеринин чегинде жарандар койгон маселелерди чечүүгө консультациялык жардам көрсөтүү үчүн жарандарды кабыл алууда зарылчылыгына жараша Коомдук кабылдамага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн каттар жана жарандардын кайрылуулары секторуна жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
1-тиркеме
2018-жылдын II жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жарандарды жеке кабыл алуу ГРАФИГИ
№ | Кызматы | Кабыл алуу күнү жана айы | Кабыл алуу убактысы |
1 | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | 24-июль, 28-август, 25-сентябрь, 23-октябрь, 27-ноябрь, 25-декабрь | 17.00-19.00 |
2 | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри | 18-июль, 15-август, 19-сентябрь, 17-октябрь, 21-ноябрь, 19-декабрь | 17.00-19.00 |
3 | Кыргыз Республикасынын коопсуздук, укуктук тартип жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри | 17-июль, 21-август, 18-сентябрь, 16-октябрь, 20-ноябрь, 18-декабрь | 17.00-19.00 |
4 | Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри | 25-июль, 22-август, 26-сентябрь, 24-октябрь, 28-ноябрь, 26-декабрь | 17.00-19.00 |
5 | Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри | 19-июль, 16-август, 20-сентябрь, 18-октябрь, 22-ноябрь, 20-декабрь | 17.00-19.00 |
6 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр | 26-июль, 23-август, 27-сентябрь, 25-октябрь, 29-ноябрь, 27-декабрь | 17.00-19.00 |
2-тиркеме
2018-жылдын II жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын жарандарды жеке кабыл алуу ГРАФИГИ
№ | Кызматы | Кабыл алуу күнү жана айы | Кабыл алуу убактысы |
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары | 9-июль, 23-июль, 13-август, 27-август, 10-сентябрь, 24-сентябрь, 8-октябрь, 22-октябрь, 12-ноябрь, 26-ноябрь, 10-декабрь, 24-декабрь | 14.00-16.00 |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү | 10-июль, 24-июль, 14-август, 28-август, 11-сентябрь, 25-сентябрь, 9-октябрь, 23-октябрь, 13-ноябрь, 27-ноябрь, 11-декабрь, 25-декабрь | 14.00-16.00 |
3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү | 12-июль, 26-июль, 9-август, 23-август, 13-сентябрь, 27-сентябрь, 11-октябрь, 25-октябрь, 22-ноябрь, 13-декабрь, 27-декабрь | 16.00-17.00 |
4 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары | 11-июль, 25-июль, 8-август, 22-август, 12-сентябрь, 26-сентябрь, 10-октябрь, 24-октябрь, 14-ноябрь, 28-ноябрь, 12-декабрь, 26-декабрь | 14.00-16.00 |
5 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы | 13-июль, 27-июль, 10-август, 24-август, 14-сентябрь, 28-сентябрь, 12-октябрь, 26-октябрь, 9-ноябрь, 23-ноябрь, 14-декабрь, 28-декабрь | 14.00-16.00 |
6 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер боюнча атайын өкүлү | 9-июль, 23-июль, 13-август, 27-август, 10-сентябрь, 24-сентябрь, 8-октябрь, 22-октябрь, 12-ноябрь, 26-ноябрь, 10-декабрь, 24-декабрь | 16.00-17.00 |
7 | Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы | 9-июль, 23-июль, 13-август, 27-август, 10-сентябрь, 24-сентябрь, 8-октябрь, 22-октябрь, 12-ноябрь, 26-ноябрь, 10-декабрь, 24-декабрь | 17.00-18.00 |
8 | Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы | 12-июль, 26-июль, 9-август, 23-август, 13-сентябрь, 27-сентябрь, 11-октябрь, 25-октябрь, 22-ноябрь, 13-декабрь, 27-декабрь | 14.00-16.00 |
9 | Мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы | 13-июль, 27-июль, 10-август, 24-август, 14-сентябрь, 28-сентябрь, 12-октябрь, 26-октябрь, 9-ноябрь, 23-ноябрь, 14-декабрь, 28-декабрь | 16.00-17.00 |
10 | Укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы | 10-июль, 24-июль, 14-август, 28-август, 11-сентябрь, 25-сентябрь, 9-октябрь, 23-октябрь, 13-ноябрь, 27-ноябрь, 11-декабрь, 25-декабрь | 16.00-17.00 |
11 | Экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы | 4-июль, 18-июль, 1-август, 15-август, 5-сентябрь, 19-сентябрь, 3-октябрь, 17-октябрь, 21-ноябрь, 5-декабрь, 19-декабрь | 14.00-16.00 |
12 | Финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы | 4-июль, 18-июль, 1-август, 15-август, 5-сентябрь, 19-сентябрь, 3-октябрь, 17-октябрь, 21-ноябрь, 5-декабрь, 19-декабрь | 16.00-17.00 |
13 | Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы | 6-июль, 20-июль, 3-август, 17-август, 7-сентябрь, 21-сентябрь, 5-октябрь, 19-октябрь, 2-ноябрь, 16-ноябрь, 7-декабрь, 21-декабрь | 14.00-17.00 |
14 | Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы | 2-июль, 16-июль, 6-август, 20-август, 3-сентябрь, 17-сентябрь, 1-октябрь, 15-октябрь, 5-ноябрь, 19-ноябрь, 3-декабрь, 17-декабрь | 14.00-17.00 |
15 | Курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы | 5-июль, 19-июль, 2-август, 16-август, 6-сентябрь, 20-сентябрь, 4-октябрь, 18-октябрь, 1-ноябрь, 15-ноябрь, 6-декабрь, 20-декабрь | 14.00-17.00 |
16 | Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы | 3-июль, 17-июль, 7-август, 21-август, 4-сентябрь, 18-сентябрь, 2-октябрь, 16-октябрь, 6-ноябрь, 20-ноябрь, 4-декабрь, 18-декабрь | 14.00-16.00 |
17 | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы | 3-июль, 17-июль, 7-август, 21-август, 4-сентябрь, 18-сентябрь, 2-октябрь, 16-октябрь, 6-ноябрь, 20-ноябрь, 4-декабрь, 18-декабрь | 16.00-17.00 |
18 | Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы | 11-июль, 25-июль, 8-август, 22-август, 12-сентябрь, 26-сентябрь, 10-октябрь, 24-октябрь, 14-ноябрь, 28-ноябрь, 12-декабрь, 26-декабрь | 16.00-17.00 |