КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 6-июлу № 468
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыкчам штаб (мындан ары - ыкчам штаб) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ыкчам штабга төмөнкүлөр жүктөлсүн:
- III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү мезгилинде коомдук укуктук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу;
- коомдук укуктук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга тартылган министрликтердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын күчтөрүн жана каражаттарын координациялоо.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда ыкчам штабга ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ыкчам штабдын КУРАМЫ
Разаков Жеңиш Парпиевич | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ыкчам штабдын жетекчиси; |
Жунушалиев Кашкар Астаканович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары; |
Кадыркулов Идрис Анарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары; |
Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары. |
Ыкчам штабдын мүчөлөрү: | ||
Чечейбаев Эркин Маратович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Ногойбаев Жеңишбек Ашимкулович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары; |
Мадмаров Азизбек Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Дуйшеналиев Нурбек Макибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Исаков Курманбек Байдалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; |
Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Дуйшембиев Жоробек Акишович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Жамгырчиев Эмил Эрикович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары; |
Жусуев Болот Аманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Моңолдоров Дамир Черикович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Солтонбекова Ализа Карыпбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Милицкий Геннадий Алексеевич | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча). |