Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 16-июлу № 253-б
1. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2005-жылдын 25-ноябрындагы Автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү жана аларды кайтарып берүүнү камсыз кылуудагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору төмөнкү эскертме менен жактырылсын:
"Кыргыз Республикасы үчүн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2005-жылдын 25-ноябрындагы Автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү жана аларды кайтарып берүүнү камсыз кылуудагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашуунун 4-беренесинин 2-пункту ушул Протоколдун 1-беренесинин 6-пунктуна ылайык, башка Тараптардын компетенттүү органдарынын суроо-талаптары жана демилгелөө тартип боюнча колдонулат. Мүмкүнчүлүк болгон учурда реалдуу мезгил режиминде, жогоруда аталган маалымат базаларында сакталган маалыматтарды берүү камсыз кылынат.".
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрине жогоруда аталган Протоколдун долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Абылгазиев |