Редакцияот 30.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

БУЙРУК

2018-жылдын 30-майы ПБ № 119

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы № 330 "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндө" Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун Уставына ылайык:

1.    Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун Байкоочу кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жылкыбаев Узарбек Казиевич киргизилсин.

2.    Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 24-мартындагы № 40 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

С.Ш.Жээнбеков