Редакцияот 30.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 30-майы № 180

Кыргыз Республикасында электрондук жана электротехникалык жабдуулардын калдыктарын пайдалануу шарттарын түзүү жана оптималдаштырууда көмөк көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:

Электрондук жана электротехникалык жабдуулардын калдыктарын пайдалануу жаатында КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен жактырылсын.

 

Премьер-министр

М.Абылгазиев