Редакцияот 23.07.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 23-июлу № 261-б

"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 120-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планында:

- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

5

Өндүрүп алынуучу баалуу металлдарды жана асыл таштарды, бермет, алардан жасалган буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын сатуу маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу

2018-жылдын III кварталы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу

ФМ, СД (макулдашуу боюнча), ЮМ

"ЕС/GIZ" долбоору

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев