Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 18-августу № 362-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-декабрындагы № 660 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыктары жөнүндө" токтомун көңүлгө алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кыргыз тилиндеги балдар адабияты жаатындагы сыйлыгы 50000 (элүү миң) сомдон төмөнкү лауреаттарга ыйгарылсын:
- Эркалы Өскөналыга - "Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты проза чыгармасы үчүн" номинациясында "Куйручук баланын жоруктары" жыйнагы үчүн;
- Амангелди Мисировго - "Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэзия чыгармасы үчүн" номинациясында "Кыялбектин жоруктары" жыйнагы үчүн;
- Ысмайыл Кадыровго - "Балдар үчүн адабий чыгармаларды кыргыз тилине эң мыкты которгондугу үчүн" номинациясында Америка жана Австралия элдеринин жомокторун которгондугу - "Күмүш жомоктор" жыйнагы үчүн.
2. Сыйлоого байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин 2015-жылдагы бюджетинин чегинде жүргүзүлсүн.
3. Ушул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |