Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 15-августу № 340-б
Жер участокторуна укук берүү жол-жоболорунун ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча координациялык кеңешмесинин 2016-жылдын 27-декабрындагы № 2 чечимин көңүлгө алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары (макулдашуу боюнча):
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтына жер участокторуна укуктарды берүү жөнүндө чечимдерди жарыялоону камсыз кылышсын;
- бир айлык мөөнөттө айылдык аймактардын, шаарлардын, райондордун жана облустардын деңгээлинде жер мыйзамдарын сактоо жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин уюштуруу жана жүргүзүү боюнча, анын ичинде жерди максаттуу пайдалануу жана кыймылсыз мүлк объекттерин мыйзамсыз (өз алдынча) курууга жол бербөө маселелери боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгышсын жана бекитишсин;
- бекитилген пландардын аткарылышын камсыз кылышсын жана квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга жасалган иштер жөнүндө маалымат берип турушсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жалпыланган маалымат берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция укук коргоо органдарынын, прокуратура, архитектура жана шаар куруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтарын эске алуу менен жана жүргүзүлгөн талдоонун негизинде аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жерге укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын сактоо абалдары жөнүндө маселени ар бир жарым жылда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынына киргизсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жана коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |