РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-июнундагы № 245-б «Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбордук Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуунун сунушталган үчүнчү фазасын (CARs-3) (ТF0А4647) даярдоо үчүн Европа жана Борбордук Азия региондорунда потенциалды өнүктүрүү боюнча Трасттык фонддун грантын берүү жөнүндө макулдашуу-каттын расмий тилде долбоорун жактыруу жөнүндө» буйругу

Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 20-июну № 245-б

1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбордук Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуунун сунушталган үчүнчү фазасын (CARs-3) (ТF0А4647) даярдоо үчүн Европа жана Борбордук Азия региондорунда потенциалды өнүктүрүү боюнча Трасттык фонддун грантын берүү жөнүндө макулдашуу-каттын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине аталган макулдашуу-катка принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков