Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 18-майы № 167-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Камбарата ГЭС-1 жана Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууларды денонсациялоо менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик "Электр станциялары" ачык акционердик коому үчүн арналган тарифте төмөнкүлөргө каражаттарды караштырсын:
- "Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары" жабык акционердик коомунун вахта кыштакчасын кармоого жана мүлкүн жооптуу сактоого;
- Камбарата ГЭС-1 куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин жана россиялык тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун "Камбарата ГЭС-1" жабык акционердик коомундагы үлүшүн "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун менчигине сатып алууга.
2. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- жогоруда аталган мүлктү жаңы инвесторго өткөрүп берүүгө чейин ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн вахта кыштакчасын кармоону жана мүлктү жооптуу сактоону белгиленген тартипте камсыз кылуу;
- Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин жана россиялык тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун "Камбар-Ата ГЭС-1" жабык акционердик коомундагы үлүшүн сатып алуу.
3. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Электр станциялары" ачык акционердик коому тарабынан ушул буйруктун 2-пунктун аткаруу менен байланышкан чыгымдарды "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун бюджетине белгиленген тартипте киргизүү;
- "Электр станциялары" ачык акционердик коому тарабынан ушул буйруктун 2-пунктунун аткарылышын камсыздоо боюнча зарыл болгон чараларды көрүү.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |