Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 23-майы № 176-б
"Таза коом" Эл аралык конференциясынын жана Эл аралык форумунун катышуучуларын кабыл алууга ийгиликтүү даярдык көрүүнү жана аны уюштурууну камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери 2017-жылдын 30-31-майында жана 11-июнда Бишкек шаарында болуучу "Таза коом" Эл аралык конференциясынын жана Эл аралык форумунун катышуучуларына - чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга визалык колдоо көрсөтүүлөрдү тариздөөдө көмөк көрсөтсүн жана Кыргыз Республикасынын кирүү/чыгуу визаларын тариздөөдө жана алууда консулдук жыйымдардан бошотсун.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ыкчам тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган тиешелүү документтерди макулдашуу боюнча чечим кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы "Таза коом" Эл аралык конференциясынын жана Эл аралык форумунун катышуучуларынын - чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан ыкчам өтүүсүнө көмөк көрсөтсүн.
4. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна ушул буйруктун 1-пунктунда аталган иш-чарага катышуучу адамдардын учуп келүүсүн/учуп кетүүсүн уюштурууга төмөнкүдөй жолдор менен көмөк көрсөтүү сунушталсын:
- "Манас" аэробекеттик комплексинин аэробекет аянтына делегация мүчөлөрүн отургузуу/түшүрүү үчүн транспорт каражаттарынын кирип-чыгуусуна мүмкүндүк берүү;
- "Манас" аэробекеттик комплексинин учуп келүү залына чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу үчүн кирүүгө уруксат берүү;
- "Манас-2" аэробекеттик комплексинин аймагындагы токтотуу жайларына делегация башчыларын тосуп алуу үчүн автотранспорттун кирүүсүнө уруксат берүү.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |