Редакцияот 28.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 28-февралы № 52-б

"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:

- узундугу 12,5 км түзгөн, Баткен облусунун аймагында жайгашкан Бел-Сөгөт-Бөжөй автомобиль жолун оперативдүү башкарууга кабыл алсын;

- оперативдүү башкарууга кабыл алынган автомобиль жолун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине республикалык бюджеттен 2017-жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде оңдоп-түзөтүү жүргүзүүнү жана күтүүнү камсыз кылсын.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков