Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 14-февралы № 38-б
2017-жылдын 16-17-февралында Россия Федерациясынын Москва шаарында өтүүчү Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-россия комиссиясынын он тогузунчу жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2017-жылдын 15-18-февралында Россия Федерациясынын Москва шаарына командировкага жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Панкратов Олег Михайловичке Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-россия комиссиясынын он тогузунчу жыйынынын жыйынтыктоочу протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
4. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Тиркеме
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-россия комиссиясынын он тогузунчу жыйынына катышуучу кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы; |
Отунбаев Болот Исакович | - | Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси; |
Сулайманов Азамат Талапбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; |
Кемелова Динара Амантуровна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Сазбаков Алмаз Замирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Мамыркалиев Эрмек Алтымышевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу; |
Калдыбаев Салидин Кадыркулович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Темирбекова Айнура Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Оморов Азамат Каныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Асанбаев Алмаз Жолчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары; |
Парханов Мирлан Абдивалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Базарбаев Таалай Чолпонбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн протокол секторунун башчысы; |
Калиев Айбек Рыспекович | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Кожобаев Толонбай Жанибекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; |
Сарлыкбек уулу Мирлан | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек аралык контролдоо начальниги; |
Мулкубатова Чолпон Токтобаевна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин Россия бөлүмүнүн биринчи катчысы; |
Нифадьев Владимир Иванович | - | Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Турдубеков Бактыбек Курманбекович | - | "Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканасынын директору (макулдашуу боюнча); |
Бектурганов Жолдошбек Токторбаевич | - | "Эйр Кыргызстан" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Инаркиев Черкес Гандалоевич | - | "ИНКОР" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Сарбанов Санджар Болотович | - | "Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Назаров Мамат Абдыкадырович | - | "Эйр Кыргызстан" ачык акционердик коомунун стандарттар жана долбоорлор боюнча директору (макулдашуу боюнча); |
Джеенбекова Надира Бабырбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардамдар башкармалыгынын начальниги, комиссиянын жооптуу катчысы. |