Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 395-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 11-майы № 152-б
"Ноокат" (Чыгыш участогунун батыш капталы) гипс кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна кайталап конкурс өткөрүлбөй калганына байланыштуу, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2017-жылдын сентябрына чейин "Ноокат" (Чыгыш участогунун батыш капталы) гипс кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүгө тыныгуу жарыялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети:
- 2017-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө "Ноокат" (Чыгыш участогунун батыш капталы) гипс кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамын жаңыласын;
- 1-октябрга чейинки мөөнөттө "Ноокат" (Чыгыш участогунун батыш капталы) гипс кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен биргеликте дараметтүү инвесторлорду тартуу боюнча кеңири масштабдагы маалыматтык ишти жүргүзсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |