Редакцияот 19.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 19-майы № 169-б

Ак ниет эмгеги жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районун өнүктүрүүгө салым кошкондугу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 80 жылдыгын майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйлансын:

Исмаилов Маман

-

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун дене-тарбиялык даярдоо боюнча балдар-өспүрүмдөр клубунун волейбол боюнча машыктыруучусу;

Кочконбаев Асаналы

-

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун аймактык ооруканасынын врач-невропатологу.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков