Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 6-декабры № 525-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосунда 2016-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарында "Рынокторго чыгууну камсыздоо" долбоорун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Мурашев Нурбек Мурпазылжанович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, расмий делегациянын башчысы; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, расмий делегациянын башчысынын орун басары. |
Расмий делегациянын мүчөлөрү: | ||
Назаров Айтмамат Кошоевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Жамалдинов Зиядин Исламович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Сазбаков Алмаз Замирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Керималиев Жаныбек Калканович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; |
Жумаканов Калысбек Туратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; |
Мурзаев Кубат Садырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгынын начальниги; |
Джеенбекова Надира Бабырбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Тышкы байланыштар жана донорлук жардам башкармалыгынын начальниги. |
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине сүйлөшүүлөрдүн протоколуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |