Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 25-ноябры № 507-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын:
1. Россия Федерациясынын Москва шаарындагы типографиянын имаратында чыккан өрттөн Кыргыз Республикасынын жарандарын куткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн:
Абдыгапар уулу Азизбек;
Алимбек уулу Маматсабыр;
Ахматов Азамат Тавалдиевич;
Борисов Александр Сергеевич;
Заиров Махамат Акимович;
Лугвин Юрий Артурович:
Марип уулу Таалайбек;
Урматбек уулу Жоомарт;
Хван Александр Вячеславович;
Шакиров Аширбек Эсеналиевич.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри ушул буйруктун 1-пунктунда аталган адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ардак грамоталарын тапшырууну камсыз кылсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |